ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: Салижан Жигитов атындагы жаңы мектеп салтанаттуу ачылды

Бүгүн 6-ноябрь күнү, Ош шаарында мурдагы Карл Маркс атындагы мектептин ордуна жаңыдан курулган заманбап билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов катышып, мектепте түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.
Адылбек Касымалиев шаар тургундарын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.
Ал өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде мамлекет башчысы Ош шаарындагы 10 орто мектептин курулушуна расмий старт бергенин, алардын бири Салижан Жигитов атындагы мектеп бүгүн пайдаланууга берилип жатканын белгиледи.
Жаңы мектеп 1200 окуучуга ылайыкталган. Ал эми эки сменде иштеген учурда 2500гө чейин окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Курулуш иштерине Турукташтыруу фондунан дээрлик 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Төрт кабаттуу, беш блоктон турган заманбап билим берүү мекемесинде окуу аудиториялары, китепкана, ашкана каралган. Ошондой эле окуучулардын спорт менен машыгуусу үчүн футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулган.
Белгилей кетсек, мектепке кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, белгилүү адабиятчы, акын жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун ысымы ыйгарылган. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алат. Жаңы мектептердин курулушу шаардагы окуучулар үчүн орун тартыштыгын азайтууга, билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө жана балдарга заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.
      

Окшош жаңылыктар

892488054_2098692914181152_2055595824898477491_n

Ошто ири долбоорлор ишке ашууда: МинКаб Төрагасы курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү

890696355_1107361002053058_3240534644643284325_n

Кулактандыруу! Аукцион!

886770580_1473218764997016_6182577973334475439_n

Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен туруктуу камсыз болот

887990624_1473154931670066_8176454939770159492_n

“Коопсуз үй-бүлө — туруктуу коомдун негизи”

884929738_1472964365022456_1948704941028019638_n

Ош-АКШ: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана жаңы өнөктөштүккө карай кадам

883321315_1472909795027913_6019397958686722482_n

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат

Видео