ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен туруктуу камсыз болот

Бүгүн Ош шаарында Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун онлайн ачылышы болуп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты.
Долбоордун алкагында 30 метр тереңдиктен артезиан суусу чыгарылып, лабораториялык текшерүүдөн өткөн суу насостун жардамы менен атайын резервуарларга жеткирилет. Жалпы көлөмү 1000 куб метрди түзгөн эки суу сактагыч курулган. Алардын ар биринин сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт.
Сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулуп, суу тиешелүү тазалоо процессинен өткөндөн кийин керектөөчүлөргө берилет.
Долбоордун алкагында жалпы 26 чакырым суу түтүгү тартылган. Эми, Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарындагы 950 кожолук таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздалат. Бул өз кезегинде айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртып, таза сууга болгон муктаждыгын толук канааттандырууга өбөлгө түзөт.

Окшош жаңылыктар

890696355_1107361002053058_3240534644643284325_n

Кулактандыруу! Аукцион!

887990624_1473154931670066_8176454939770159492_n

“Коопсуз үй-бүлө — туруктуу коомдун негизи”

884929738_1472964365022456_1948704941028019638_n

Ош-АКШ: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана жаңы өнөктөштүккө карай кадам

883321315_1472909795027913_6019397958686722482_n

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат

885096944_1831729384534111_7739638159318503010_n

Кулактандыруу! Аукцион!

871895424_1472183578433868_4777033281572879138_n

V Элдик Курултай: Ош шаарынын делегаттарынын жыйыны өттү

Видео