ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Эки шаар — бир достук: Ош менен Гянжа ортосунда боордоштук байланыштар түзүлдү

Бүгүн Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Ош шаары менен Азербайжандын Гянжа шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү боюнча меморандумга кол коюу жана алмашуу аземи өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган документтер менен алмашышты.

Аталган меморандум эки шаардын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле шаардык башкаруу, маданият жана башка тармактарда тажрыйба алмашууну жандандырууга багытталган.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео