Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы жаңы “Эне-Сай” конушуна барып, курулуш иштери менен таанышты. Белгилей кетсек, аталган жаңы конушта ушу тапта 50 турак жай курулууда. Жеринде 100гө жакын кызматкер иштеп жатат.
Шаар башчысы аталган жайда жумушчу күчүн дагы кошуп, турак- жайлардын санын көбөйтүп, курулушту тездетүүнү тапшырды. Мэр билдиргендей, сентябрдын аягына чейин 50 үй курулуп, жарандарга берилмекчи. Жыл аягына чейин 500гө жакын турак үйдү бүткөрүү планы коюлду.
Бүткөн турак үйлөргө биринчи кезекте Ош көчөсүндөгү жана башка аймактагы үйү буздурулган жарандар көчүп кирет.

