Ош шаарында Президенттин катышуусунда 543 батирдин ачкычы тапшырылды
Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Асман Резиденс 1» турак жай комплекси пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу аземге Президент Садыр Жапаров, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жарандар жана баатир ээлери катышты.
Өлкө башчы өз сөзүндө азыркы тапта Кыргызстанда МИКтин 80 миңден ашуун батири курулуп жатканын, ар бир жаран үйлүү болушу керек деген кыял реалдуу ишке ашып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы “Асман Резиденс 1” турак-жай комплексинен биринчи этапта 543 жаран батирлүү болду.
Ошондой эле Президент Кара-Суу районундагы ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине онлайн форматта күбө болду.