ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында сел коркунучуна каршы даярдык күчөтүлдү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өттү. Анда шаардагы сел жүрүү жана суу каптоо коркунучтарынын алдын алуу маселеси каралды. Жыйынга шаардык мэриянын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
🔹Жаз мезгилиндеги нөшөрлүү жаан-чачындардан улам шаардын айрым аймактарындагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптоо фактылары катталууда. Шаар мэри Ж.Акаев бул маселеге токтолуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараптан реалдуу чечүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи жана шаардыктардын коопсуздугу негизги милдет экенин эскертти.
🔹 Отурумдун алкагында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 4-майындагы тапшырмасын аткаруу максатында шаардын жарандык коргонуу кызматтары “Жогорку даярдык” режимине өткөрүлдү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Улан Жусубалиев билдиргендей, бүгүнкү күндө 200гө жакын кызматкер күжүрмөн даярдыкта турат жана бул күчтөрдү дагы күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
🔹 Отурумдун жыйынтыгында кооптуу аймактарды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу, арык-каналдарды өз убагында тазалоо, ички ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү жана авариялык топтордун толук даярдыгын камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар берилди. Ар бир жетекчи жана жооптуу кызматкер бул тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартаары эскертилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео