ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында заманбап Жаштар борбору пайдаланууга берилди

✅ Ош шаарында заманбап Жаштар борбору пайдаланууга берилди
🔹 Бүгүн, 3-июнда Ош шаарында Жаштар борборунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, студенттер жана жаштар катышты.
🔹 Шаар мэри студенттерге шаар аймагында 13 жаңы сквердин курулушу жүрүп жатканын айтып, ОшМУнун, ОшТУнун жана ОшКУУнун архитектура жана дизайн багытында билим алып жаткан студенттер, үч скверди өздөрү долбоорлоп ишке ашырууга чакырды.
«Бул силер үчүн чоң практика жана баалуу тажрыйба болот. Демилге көтөрүп, шаардын өнүгүшүнө өз салымыңарды кошкула. Мэрия тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөт», — деп билдирди.
🔹 Жаштар борбору Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүндө жана Россия Федерациясынын каржылык колдоосу аркылуу курулду. Үч кабаттуу имаратта тил үйрөтүү, робототехника, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуулар, ошондой эле заманбап конференц-зал иш алып барат. Мындан тышкары, «Арууке» бий ансамблинин ишмердүүлүгү да ушул борбордо улантылат.
🔹 Белгилей кетсек, аталган Жаштар борбору Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын алдында түзүлгөн.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео