Ош шаарында жер мунапысы боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жер мунапысына байланыштуу кабыл алынган Жарлыгы жана Тескемесинин алкагында жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны Ош шаарында өтүүдө.
Жыйындын максаты — жер мунапысынын алкагында каралып жаткан жер участоктору боюнча келип чыккан маселелерди толук, объективдүү жана мыйзам талаптарына ылайык кароону камсыз кылуу.
Маалымат үчүн: Ош шаары боюнча жалпы 4685 арыз кабыл алынып, анын ичинен 2436сы боюнча токтом кабыл алынган, 1206 арыз кароодон четтетилген, ал эми 1043 арыз учурда комиссиянын кароосунда турат.