Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, аймакта жайгашкан №177 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Долбоор боюнча аталган көчөгө 2 катмар асфальт төшөлүп, тротуар салынып, ирригациялык тармактар тартылып, жарыктандыруу орнотулат.
Жолдун жалпы узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт.