Урматтуу мекендештер!
Ардактуу момун мусулмандар!
Баарыңыздарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм!
Курман айт – биримдик, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалаган мусулман элинин ыйык майрамы.
Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.
Бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккен бир туугандарыбызга кол сунууга, көмөктөшүүгө ыңгайлуу.
Кымбатуу мусулман бир туугандар!
Илгертеден элибизде Курман айт таза ниет, ак тилектер менен коштолуп келген. Андыктан, баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам.
Ордолуу Ошубузда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, улуттар аралык достук бекем болсун. Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең уяласын.
Дүйнөлүк аренада мамлекетибиздин абройу көтөрүлүп, мамлекеттер арасында ээлеген орду бакубат болсун. Өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү орносун.
Кадырлуу Ош шаарынын тургундары!
Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, бекем ден-соолук каалайм. Ыйык айтта ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун!
Мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!