Урматтуу медицина кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктайм!
Ден соолук – бул чоң бакыт. Анткени, адамдын өмүрүнөн жана ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Ак халатчандар адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден соолугун коргоп, ажалдан арачалап келесиздер. Сиздердин кесип – ардактуу жана сыймыктуу.
Үч миңден ашуун саламаттык сактоо кызматкерлери шаар калкына медициналык жардам көрсөтүп келүүдө. Алардын арасында шаарыбыздын медицина тармагынын деңгээлин, кадыр-баркын бийикке көтөрүп, калкыбыздын урмат сыйына ээ болгон өмүр сакчылары эмгектенип жаткандыгы бизди кубандырат.
Медициналык кызматкерлер калктын ден соолугуна кам көрүү менен бирге калаабыздын коомдук турмушуна активдүү катышып, социалдык жактан өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келишет.
Саламаттык сактоо тармагынын бирден бир багыты – кабыл алынган мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун көтөрүү, эне жана баланын ден соолугун коргоо, саламаттык сактоо мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу.
Ош шаарынын мэриясы саламаттык сактоо тармагын колдоп, калкка жогорку медициналык кызмат көрсөтүүгө жана кызматкерлердин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл бөлүүдө.
Кесиптик майрам күнү саламаттык сактоонун ардагерлерине жана кызматкерлерине шаарыбыздын калкынын ден соолугу үчүн талыкпаган үзүрлүү эмгегине өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Кымбаттуу ак халатчан өмүр сакчылары!
Сиздердин эмгегиңиздер элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арнала беришине ишенем. Баарыңыздарга бакубат жашоо, бекем ден соолук жана ардактуу кесибиңиздерде жетишкендик менен ийгиликтерди каалайм.
Өлкөбүз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!