ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндө көрсөтүлгөн муниципалдык объектилерди убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча конкурс жарыялайт

Конкурска коюлган объектилер:
1. Ош шаары, Курманжан датка көчөсү №243/1 дарегинде жайгашкан заманбап инвесторлор тарабынан курулган жеңил типтеги гүл сатуучу павильондун төмөнкү лоттору:
• №1.3 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.4 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.6 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.13 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.14 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.15 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.17 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.18 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
• №1.19 – 16,54 чарчы метр – 4 921 сом/ай
Пайдалануу багыты: коммерциялык.

2. Ош шаары, «Анар» кичи району, №17 «А» дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер-төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 24,88 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 5 225 сом/ай
• Пайдалануу багыты: тигүү цехи, өндүрүш.
3. Ош шаары, «Кызыл-Кыштак» ААБ, Сүрөттүү-Таш айылы аймагындагы муниципалдык жер тилкесинде жайгашкан бир кабаттуу имарат.
• Аянты: 61,0 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 17 294 сом/ай
• Пайдалануу багыты: тигүү цехи, навайкана, соода түйүнү, өндүрүш.
4. Ош шаары, «Анар» кичи району, №17 «А» дарегиндеги жарым жер-төлөдөгү бөлмө.
• Аянты: 26,68 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 5 603 сом/ай
• Пайдалануу багыты: тигүү цехи, өндүрүш.
5. Ош шаары, Халмирзаева көчөсү №75 дарегиндеги бир кабаттуу имараттын жер-төлөсү.
• Аянты: 165,0 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 46 200 сом/ай
• Пайдалануу багыты: спорттук-ден соолукту чыңдоо.
6. Ош шаары, 48-көчө №16 дарегиндеги бир кабаттуу имарат.
• Жалпы аянты: 200,0 чарчы метр (70,39 чарчы метр имарат, 129,61 чарчы метр жер тилкеси)
• Башталгыч баасы: 20 734 сом/ай
• Пайдалануу багыты: коммерциялык.
7. Ош шаары, У. Салиева көчөсү №48 «Б» дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер-төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 38,75 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 2 712 сом/ай
• Пайдалануу багыты: кампа.
8. Ош шаары, А. Мамыров көчөсү №101 «А» дарегиндеги бөлмөлөр.
• Аянты: 430,15 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 106 892 сом/ай
• Пайдалануу багыты: ашкана.
9. Ош шаары, Касымбеков көчөсү №3 «А» дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер-төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 81,0 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 5 954 сом/ай
• Пайдалануу багыты: кампа.
10. Ош шаары, «Алымбек датка» МАБ, Ирригатор көчөсүндөгү социалдык дүкөн.
• Аянты: 21,0 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 5 219 сом/ай
• Пайдалануу багыты: социалдык дүкөндө эт, эт азыктарын жана сүт азыктарын сатуу.
11. Ош шаары, «Алымбек датка» МАБ, Төлөнов көчөсүндөгү «Токтогул Сатылганов» атындагы орто мектептин маңдайындагы социалдык дүкөн.
• Аянты: 21,0 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 5 219 сом/ай
• Пайдалануу багыты: социалдык дүкөндө эт, эт азыктарын жана сүт азыктарын сатуу.
12. Ош шаары, Кара-Суу көчөсү №36 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жарым жер-төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 107,75 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 22 628 сом/ай
• Пайдалануу багыты: тигүү цехи, өндүрүш.
13. Ош шаары, «Токтогул Сатылганов» атындагы эс алуу багынын аймагындагы коомдук ажаткана.
• Аянты: 42,0 чарчы метр
• Башталгыч баасы: 11 907 сом/ай
• Пайдалануу багыты: коомдук ажаткана.
Конкурска катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылса болот:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү №4 (2-кабат, 8-каана).

Керектелүүчү документтер:
1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү.
2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү орган тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин көчүрмөсү (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), ошондой эле уюмдун өкүлүнө конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
3. Башталгыч баанын 10% өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү жана лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндөгү комиссиондук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
4. Лоттун номерин көрсөтүү менен бекитилген формадагы конкурска катышуу тууралуу арыз.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы конкурстун белгиленген күнүнө 3 күн калганга чейин каалаган объектти (мүлктү) конкурстан алып салууга укуктуу.

Көңүл буруңуздар: Конкурска бардык физикалык жана юридикалык жактар, анын ичинде конкурс өткөрүүгө 1 (бир) күн калганга чейин катышуу тууралуу арыз берген жактар катыша алышат.

Конкурска катышууну каалагандардын өкүлдөрү ишеним кат аркылуу катышса болот.

Сурап билүү телефону: 0555 54-00-20.

 

Окшош жаңылыктар

Screenshot

Аношина көчөсүндө оңдоо иштери уланууда

Screenshot

Ош шаарында бир катар курулуш объектилеринде иштер эки нөөмөт менен жүрүп жатат

Screenshot

Абжалов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

Screenshot

Оштун өндүрүшчүлөрү эл аралык форумда: жаңы өнөктөштүккө карай ишенимдүү кадам

Screenshot

Раззаков жана Касымбеков көчөлөрүн байланыштырган кошумча жол асфальт төшөөгө даяр

Screenshot

Ак-Буура Оштун жүрөгү: Шаардын жашыл келечегине багытталган дагы бир долбоор ишке ашырылууда

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.