Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тарыхый “Сузак” чайканасына барды.
Кыдыруу учурунда мэр бул жайдын тарыхый жана маданий маанисин белгилеп, мындай тарыхый жайлар Ош шаарынын тарыхынын ажырагыс бөлүгү экенин билдирди.
Мэр тиешелүү кызматтарга чайкананы калыбына келтирүү маселесин тапшырып, бул жайды “Аксакалдар чайканасы” деп атоону тапшырды. Ошол эле учурда анын тарыхый өзгөчөлүгүн жана өзүнө таандык архитектуралык көрүнүшүн сактап калуу керектигин билдирди.
Аны менен катар реконструкциядан кийин чайкана шаар тургундары жана меймандары үчүн кайрадан жагымдуу жана маанилүү жайга айланышы керектигин белгиледи.

