Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин аймактык экономикалык өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош шаарынын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле аялдар менен жаштардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүү багытындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Ош шаары менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана келечектүү диалогторду улантуу боюнча макулдашышты.

