Бүгүн, 26-августта Ош шаарындагы жаштар хабында “Ош — жаштардын көзү менен” аттуу ачык диалог өттү.
Диалогго Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа катышышты.
Жолугушууда жаштар шаардагы коомдук транспорт, жолдор жана коопсуздук, тазалык, эс алуу жайлары, спорт жана жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу өз ойлорун айтып, сунуштарын билдиришти.
Жаштар мэрге суроолорун түз беришип, “Эгер мен мэр болсом…” деген форматта шаарды өнүктүрүүгө багытталган өз идеялары менен бөлүшүштү. Өз кезегинде шаар башчысы жаштардын суроолоруна жооп берип, сунуштарын укту.
Жанарбек Акаев демилгелүү жаштар үчүн аянтчаларды көбөйтүү, ошондой эле алардын жаңы идеяларын жана демилгелерин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдирди.
Жолугушуу жаштардын үнүн угузууга, медиасабаттуулугун, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаштар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы ачык диалогду күчөтүүгө багытталды.
Иш-чара “Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө” программасынын алкагында ЮНИСЕФ Кыргызстан, Европа Биримдиги, “Жамааттык ЖМКлардын бирлиги” (ACM) жана Ош шаарынын мэриясынын өнөктөштүгүндө уюштурулду.
https://www.facebook.com/share/v/1AWUYEFw8h/

