Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Эрмек Окенов, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Бакытбек Жетигенов куттуктоо сөзүндө муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган өзгөчө чөйрө экендигин, шаарыбыздагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарда басымдуу бѳлүгү тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматчылар, ѳз кесибин мыкты ѳздѳштүргѳн кесипкѳй, элдин ишенимине ээ болгон татыктуу адистер эмгектенип жатканын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык барактары тапшырылды.
Майрамдык салтанатка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери дагы катышып, алар көп жылдык жана эрдик эмгеги үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле, жаш муниципалдык кызматкерлер Мекенге кызмат кылууга ант беришти.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Ош шаардык кеңешинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, профсоюздун, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын жана прокуратуранын өкүлдөрү куттукташып, белектерин тапшырышты.
2022-2023-жылдарында Ош шаарынын мэриясы тарабынан кадрлар резервине конкурстук тандоо 4 ирет өткөрүлүп, жыйынтыгында 191 талапкер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде турган 14 талапкер арызынын негизинде, жалпы 205 талапкер Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервинин курамына киргизилген.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы жыл сайын салтанаттуу белгиленип келет. Бул майрам БУУнун Ассамблеясы тарабынан 2002-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.