Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев М. Ишматов көчөсү, 152 “к” дарегиндеги “Кең Строй Сервис” ЖЧКсынын бетон заводунун курулушу менен жеринен таанышты.
Шаар башчысы өнөр жай объектисин кыдырып, заманбап жабдуулардын орнотулушун жана алардын даярдык деңгээлин текшерди.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери 95 пайызга аткарылып, соңку даярдыктар жүрүүдө. Завод толук кубаттуулугунда иштеп баштаса, 100дөн 120га чейин жаңы жумуш орундары түзүлүп, шаар тургундары туруктуу иш менен камсыз болот.
Жанарбек Акаев ата мекендик өндүрүштү колдоо жана курулуш тармагын сапаттуу материалдар менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенин билдирди. Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге заводду пайдаланууга берүү иштерин өз убагында жана жогорку сапатта аяктоо боюнча милдетин койду.
https://www.facebook.com/share/v/19SiFBQnE7/

