Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат. Бул тууралуу шаар башчысы Жанарбек Акаев билдирди.
Ал тергөө абагы жайгашкан имарат шаар сыртына (Отуз-Адыр айылына) чыгарыларын айтып, эски орду музей катары кызмат кылаарын билдирди.
Белгилей кетсек, шаардагы бул тарыхый имаратты Алымбек Датка менен Курманжан Датканын уулу Камчыбек 1890-жылдары кербен сарай катары курдурган.
https://www.facebook.com/share/v/19L3a8sc3q/?mibextid=wwXIfr


