ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Оштун келечегине салынган инвестиция: Масштабдуу шаар куруу долбоору

Бүгүн 30-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Куньлунь” курулуш компаниясы” ЖЧКсынын ортосунда Ош шаарында масштабдуу инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Кол коюу иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаевдин, ошондой эле инвестор компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.
Долбоордун алкагында Ош шаарында заманбап “Эне-Сай Сити” турак жай комплекси, 688ден кем эмес жеке турак үй, бизнес борборлору, мейманкана комплекси, эс алуу жайлары, ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктуралык объектилер курулат.
Аталган долбоор шаарга ири көлөмдөгү инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жашоо шарттарын жакшыртууга жана Ош шаарынын инфраструктуралык өнүгүүсүнө олуттуу түрткү берүүгө багытталган.
Инвестициялык демилге шаардын экономикалык дараметин кеңейтүүгө жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүүгө маанилүү кадам болуп саналат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео