ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Пайдаланууга ыңгайсыз болгон аймак жаңы көрктүү мейкиндикке айланууда

Ош шаарында мурда бош жана пайдаланылбай жаткан жерде жаңы эс алуу жайдын курулушу жүрүп жатат.
Жакынкы аралыкта бул жер жашылдандырылып, шаардыктар үчүн жагымдуу убакыт өткөрүүгө ылайыктуу заманбап мейкиндикке айланат.
Долбоордун алкагында мында балдар үчүн оюн аянтчасы, шахмат ойноого арналган атайын орун жана велосипед жолу курулууда. Андан сырткары эс алуу багында коомдук ажаткана салынып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн видео байкоо камералары орнотулат.
Учурда курулуш жана көрктөндүрүү иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бардык иштерди ушул айдын аягына чейин аяктап, жаңы бакты шаар тургундарынын пайдалануусуна берүү пландалууда.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео