Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн шаардагы курулуш жүрүп жаткан бир катар объекттерди кыдырды. Текшерүү учурунда шаар башчысы Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу № 101 борбордук көчөсүндөгү жол курулушу менен таанышып, жолду дагы 1,5 чакырымга узартууну жана бардык жумуштарды жогорку сапатта 10 күндүн ичинде аяктоону тапшырды. Ошондой эле ал аймактын жашоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Рейддин алкагында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп жаткан көрүстөн тосмосунун абалы, Геодезия жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде курула баштаган жаңы скверлерди көрдү. Мындан сырткары, кош каржылоо долбоорунун алкагында асфальтталып жаткан 17 көчөнүн абалы жана Кыргыз ССРине 60 жыл, № 222, № 194 көчөлөрүндөгү газдаштыруу иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.
Калаа башчысы аткарылып жаткан бардык жумуштар тургундардын жашоо шартын жакшыртууга багытталганын белгилеп, тиешелүү кызматтарга жана подрядчыларга кемчиликтерди өз убагында жоюуну, курулуштарды белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду.

