ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

С. Абдувалиев көчөсү жаңыланып, өзгөчө шаң менен пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Мамыров жана Р. Абдыкадыров көчөлөрүн бириктирген С. Абдувалиев көчөсү толугу менен жаңыланып, бүгүн шаар тургундарынын пайдалануусуна берилди.
Көп жылдан бери оңдолбой, жаан-чачындуу күндөрү суу топтолуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан көчө бүгүн заманбап жана көрктүү көрүнүшкө ээ болду.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында узундугу 1 чакырымга жакын болгон жол 12 метрге чейин кеңейтилди. Эки тилкелүү жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр жана лотоктор курулду. Алдыда көчөгө түнкү жарыктандыруу орнотулуп, жол жээктери жашылдандырылат.
Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземи өзгөчө шаңдуу маанайда өтүп, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жергиликтүү тургундар активдүү катышып, жаңы жолду көрүп, түзүлгөн шарттарга кубанычтарын билдиришти. Өзгөчө гольф-карлардын катышуусундагы жүрүш шаардыктардын көңүлүн буруп, майрамдык маанай тартуулады.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео