ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Төлөйкөн айыл аймагынын жол инфраструктурасы жакшырды

Бүгүн Төлөйкөн муниципалдык айылдык аймактык башкармалыгында жаңы асфальтталган бир катар көчөлөр пайдаланууга берилди.
Атап айтканда, С. Раимов, Г. Айтиев, Т. Боронбаев, С. Раимов чолок, Т. Осмонов, Т. Осмонов чолок, П. Атаханов жана А. Дүйшеев көчөлөрүнө жалпы узундугу 5 чакырым 160 метрди түзгөн асфальт төшөлүп, жол белгилери сызылды.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Шаар башчысы Төлөйкөн айылынын инфратүзүмүн жакшыртуу иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы долбоорлор мындан ары да улантыларын билдирди.

Ал эми жергиликтүү тургундар жаңы жолдордун ачылышын кубануу менен кабыл алып, шаар жетекчилигине жана тиешелүү кызматтарга ыраазычылыгын билдиришти.

https://www.facebook.com/reel/1830176741280377

     

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео