ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Төлөйкөнгө таза суу берилди

Ош шаарынын Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен камсыз болду. Буга чейин бул аймактарда таза суу системасы болгон эмес.

Учурда эки айылдагы жалпысынан 900 кожолукка таза суу берилди. Дагы 100 үйдү таза суу тармагына кошуу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган айылдарда таза суу системасы жок болгондуктан, көпчүлүк үйлөрдө ички суу түтүктөрү орнотулган эмес. Буга байланыштуу «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы жергиликтүү тургундарды үйлөрүнүн ички суу түтүктөрүн жана крандарын орнотуп, суу түйүнүнө туташтырууну суранат.

Эске салсак, өткөн жумада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылынын тургундары менен жолугушуп, элди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө таза суу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

https://www.facebook.com/share/v/1GPtVKysFS/?mibextid=wwXIfr

Screenshot
Screenshot
Screenshot
Screenshot
Screenshot
Screenshot

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео