ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Тарыхый жайлардын өнүгүүсүнө жаңы шарт түзүлөт


Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар мэриясынын аппаратынын өкүлдөрү жана гид Лада Хасанова менен биргеликте Ош шаарынын айланасында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объектилерин жеринен көрүп, алардын учурдагы абалы менен таанышты.

Анын жүрүшүндө Сүрөттү-Таш жана байыркы Ак-Буура шаарчасынын тарыхы, археологиялык жана маданий баалуулугу, ошондой эле туристтик дарамети тууралуу кеңири маалымат берилди.

Байыркы Ак-Буура шаарчасын иликтөө жана анын тарыхый маанисин терең изилдөө максатында Улуттук илимдер академиясынын археолог адистерин тартуу сунушталды. Ошондой эле тарыхый объектилерди сактоо жана коргоо үчүн тиешелүү тосмолорду орнотуу маселеси айтылды.

Жыйынтыгында тарыхый жайларды сактоо, аймактарды иретке келтирүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана туристтик дараметин жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Сүрөттү-Таш аймагына кирип-чыгууну жөнгө салуу максатында шлагбаум орнотуу жана чет элдик коноктор үчүн заманбап инфраструктураны камтыган борбор куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.


https://www.facebook.com/share/v/1Jtt4Xi95t/?mibextid=wwXIfr

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео