Ош шаарынын мэриясында коррупциянын алдын алуу маселелерине арналган семинар уюштурулду.
Семинарды Ош шаарынын мэриясынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таир Джоробеков өткөрүп, кызматкерлерге коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана кызматтык этиканы сактоо боюнча маалыматтарды берди.
Ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турум ченемдери, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын Этика кодекси жана “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптары түшүндүрүлдү.
Семинардын максаты — кызматкерлердин коррупцияга каршы маданиятын жогорулатуу жана мыйзам талаптарын сактоого багыт берүү.

