Ош шаарында көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу иштери уланууда.
Мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде “Ошсвет” муниципалдык ишканасы тарабынан Тимирязев жана Абай Кунанбаев көчөлөрүнүн жалпы узундугу 3 чакырымдан ашык болгон жол тилкелерине 70 даана түнкү жарыктандыруучу мамычалар жана чырактар орнотулду.
Жарыктандыруу иштеринин негизги максаты — көчөлөрдүн түнкү жарыктандырылышын жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана шаар тургундары менен айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Шаар аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча иштер мындан ары да улантылат.

