Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Т. Кулатов кичи районундагы №20 жана №21 көп кабаттуу үйлөрдүн короо аймактарын жеринен көрүп чыкты.
Шаар башчысы аталган аймактар толугу менен жаңыланып, жашоочулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүлөрүн билдирди.
Долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөргө кирүүчү ички жолдор жана жөө адамдар өтүүчү тилкелер оңдолуп, жашыл аймактар көрктөндүрүлөт. Ошондой эле балдар аянтчалары курулуп, тургундардын эс алуусу үчүн зарыл болгон шарттар уюштурулат.

