Буга чейин шаар мэри Жанарбек Акаев курулуш аянтына бир нече ирет келип, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышкан.
Заводду кытайлык «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы куруп жатат. Завод толук ишке киргенде жылына 310 миң тоннага чейин, суткасына 800 тоннадан ашык таштанды кайрадан иштетилип, электр энергиясы өндүрүлөт.
Учурда объектинин бардык блокторунда жумуш жүрүп, жеринде 200 дөй куруучу иштөөдө.
Бул долбоордун ишке кириши Ош шаарындагы таштанды маселесин чечүү менен бирге айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди азайтат.

