Буга чейин Президент Садыр Жапаровдун чечими менен салыктын эки түрү — бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салык Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган.
Анын негизинде үстүбүздөгү айда Ош шаарынын казынасына 160 млн сом кошумча киреше түштү. Калаа башчысы Жанарбек Акаевдин айтымында, бул каражаттар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталууда.
Мэр ишкерлерге кайрылып, көмүскө экономиканы кыскартууга, ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүүгө жана салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды.
«Салык — шаардын өнүгүүсүнө түздөн-түз салым. Түшкөн каражаттар жолдорду, инфраструктураны жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга жумшалат», — деди Жанарбек Акаев.
https://www.facebook.com/share/v/14jhV19FcJz/?mibextid=wwXIfr

