
Тараптар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, андан аркы кызматташуунун келечегин карашты. Мэр Ж.К. Акаев өз сөзүндө Ош шаары үчүн абанын булганышы, жашылдандыруу, суу ресурстарын сактоо маселелери актуалдуу экенин белгилеп, комплекстүү экологиялык анализ жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, санариптик башкаруу куралдарын киргизүү, аялдар менен балдардын укуктарын коргоо, шаардын коопсуздугун камсыздоо жана инвестициялык потенциалды өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга даяр экенин айтты.