225-кварталда жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктап, социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышты. Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга, аталган имараттарды курган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында […]
Жапалакта жаңы ФАПтын курулушу башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Жапалак айылында жаңыдан салынып баштаган фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулуш иштерин көрүп чыкты. Бул жердеги жаңы ФАПтын айланасындагы имараттардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тапшырмасын тийешелүү кызматтарга милдеттендирди. Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду. Долбоорго ылайык, жаңы ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү […]
Айдоочулар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барып, анын күн тартибинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында жол эрежелерин бузган жарандарга карата жана аларды болтурбоо үчүн жүргүзүлгөн алдын алуу […]
Ошто бир катар коомдук транспорт каттамдары убактылуу өзгөрөт

Эртең, 5-июль күнү А. Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин 3-этабы башталганына байланыштуу А. Масалиев көчөсүнүн, Ы.Монуев (А.С.Макаренко атындагы мектеп) көчөсүнүн кесилишинен А.Навои (Келечек базары) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат. Буга байланыштуу төмөндөгү коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди: – №6-шаардык муниципалдык автобустук каттамы Соколок-ОшТУ багыты боюнча Г.Айтиев, Курманжан Датка, Р.Абдыкадыров, А. Масалиев, ОшТУ ОшТУ-Соколок багыты […]
Ош шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасы менен биргеликте инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Кыргыз-Кытай инвестициялык бирикмелер палатасынын башкы катчысы Чжао Сюуцзюнь мырза баштаган жумушчу топ менен жолугушту. М.Исаев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп, достук мамилелер бекемделип жатканын белгиледи. Жолугушууда тараптар шаардын жол инфраструктурасын жана заманбап жол куруу техникасын жакшыртуу үчүн асфальт-бетон заводун сатып […]
Кулактандыруу! Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

А. Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштерине байланыштуу, 4-июль күнү саат 23:00дө А. Масалиев көчөсүнүн Ы. Монуев (А.С.Макаренко атындагы мектеп) көчөсүнүн кесилишинен А. Навои (Келечек базары) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат. Ошондой эле, А. Масалиев көчөсүн капиталдык асфальттоо иштеринин 2-этабы бүтүп, саат 23:00дөн баштап бүгүн, А. Масалиев менен Абдыкадыров көчөсүнүн (Дом быта) кесилишинен Ы. Монуев көчөсүнө […]
ӨКМ кызматкерлери кесиптик майрамга карата сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар күнүнүн 32 жылдыгына жана өрт өчүрүүчүлөр күнүнүн 97 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев, ӨКМдин кызматкерлери катышты. Замир Юсупов, өз өмүрүн тобокелге салып, адамдардын […]
Мыйзамсыз курулуштар элге ачыкталышы керек

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Күн тартибинде Ош шаарынын аймагындагы өзүм билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды. Бакытбек Жетигенов курулуш компанияларынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө чаралары күчөгөнүнө карабастан, тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, курулуш иштерин баштап жиберген учурлар катталып жатканын […]
Ошто салык кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Салык кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рахманберди Аданов жана салык кызматкерлери катышты. Куттуктоо сөзүндө Бакытбек Жетигенов кесип ээлеринин оор, […]
Оштун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ берүү токтотулат

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” ишканасы Курманжан Датка, Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныктап, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу, 1-июль күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотуларын белгиледи. Жаратылыш газын берүү төмөнкү даректер боюнча өчүрүлөт: Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрү. […]