Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, Абжалов көчөсүнүн Төлөнов жана Сатиев көчөлөрүнүн аралыгында жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталып, учурда аталган тилкеде жолду кеңейтүү, жолго чыгып кеткен курулуштарды алып салуу жана асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери аткарылууда.
Бул иштер жол кыймылын жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жатат.
Даярдык иштери аяктагандан кийин жолго асфальт басылат. Жаңыланган жол заманбап талаптарга жооп берип, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.
Оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык улантылып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт.
https://www.facebook.com/share/v/1PnX45iZhj/?mibextid=wwXIfr







