Ош шаарында жаңы “Шоро” сквери пайдаланууга берилди. Аталган сейил бак “Шоро” компаниясы тарабынан тургундарга белек болду. Сквер заманбап стилде курулуп, бардык конструкциялары жыгачтан жасалган.
Жаңы эс алуу жайы шахмат сүйүүчүлөрүнүн сүйүктүү жайына айланат. Анткени аймакта шахмат тактайлары орнотулган. Ошондой эле балдар аянтчасы, эс алуучу орундуктар орнотулуп, кызыл таман-таштар төшөлгөн. Айланасы толугу менен жашылдандырылып, газон себилип, гүлдөр отургузулган.
Парктын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, айлана-чөйрө толугу менен видеокөзөмөл системасы менен камсыздалган. Мындан ары жарандар бул жерде күнү-түнү коопсуз эс ала алышат.
Салтанаттуу ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, “Шоро” компаниясынын өкүлү Айбек Абдыбачаев жана шаар тургундары катышты.
Өз куттуктоосунда шаар башчысы Жанарбек Акаев акыркы алты ай ичинде Ош шаарында 30 сквер ачылганын, бул көрсөткүч дагы көбөйө берерин белгиледи. Ошондой эле бул аймак келечекте спорттук шаарчага айланарын кошумчалады. Анткени бул көчөдө ири спорттук аянтчалар жайгашкан жана азыркы учурда теннис корту курулуп жатат.
Иш-чаранын соңунда шаарды жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн демөөрчүлөргө шаардык мэриянын ыраазычылык каттары тапшырылды.

