Бүгүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен К. Абдыразаков көчөсүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок өз алдынча унаа жуучу жайды (мойка) куруу иштери токтотулду.
Аталган аймак Ак-Буура дарыясынын жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын коргоо тилкесине киргендиктен, бул жерде курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген эмес.
Учурда Ош шаарынын мэриясы жана мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы (ГАСК) тарабынан мыйзамсыз курулушту алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жарандарды мыйзам талаптарын сактоого жана тиешелүү уруксат документтери жок курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырабыз.

