ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жылуулук бериле баштады

Бүгүн, 2-ноябрдан тарта Ош шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жылуулук бериле баштады. Ал эми 4-ноябрдан тарта шаардагы турак үйлөргө жылуулук этап-этабы менен жеткирилет.
Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин төрагалыгы алдында өткөн кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында маалымдалды.
Жыйында муниципалдык ишканалардын жана тиешелүү кызматтардын кышка даярдыгы, калкты электр энергиясы, жылуулук жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, газдаштыруу иштеринин жүрүшү, трансформатордук көмөкчордондордун абалы жана атайын техникалардын даярдыгы каралды.
Жыйынтыгында Эрнис Толтоев жооптуу кызматтардын жетекчилерине кыш мезгилинде шаар тургундарына сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууну, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болууну тапшырды.

Окшош жаңылыктар

872514177_1471952108457015_3750074821864054205_n

Жарандарды кабыл алуу: Эрнис Толтоев шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту

toplivnye-brikety-vs-ugol-chto-vygodnee-dlya-otopleniya-doma-v-podmoskove-2

Ош шаарында жылуулук берүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө

886376459_1471230011862558_4309876106349176822_n

Ош шаарында маданият жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

872012327_1471009351884624_831026743434747127_n

Ош шаарынын мэри жаңыланган социалдык мекеменин иши менен таанышты

881626193_1570659625082491_3458595187628596283_n

Туризм жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды

a103cb0f-e846-475b-9fb2-a8983faf550d

Ы. Монуев көчөсү толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Видео