ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында маданият жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрь — Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Ош шаарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы маданият жана искусство тармагында үзүрлүү эмгектенип, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды сактоого жана жайылтууга, ошондой эле шаар тургундарынын маданий турмушун байытууга олуттуу салым кошкон бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келген ардагер Кыргыз Республикасынын “Ардак” медалы менен сыйланды.
Ошондой эле муниципалдык кызматта жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен эмгектенип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өнүктүрүүгө салым кошкон мэриянын кызматкерлерине, шаардык Кеңешинин депутаттарына “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

872514177_1471952108457015_3750074821864054205_n

Жарандарды кабыл алуу: Эрнис Толтоев шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту

toplivnye-brikety-vs-ugol-chto-vygodnee-dlya-otopleniya-doma-v-podmoskove-2

Ош шаарында жылуулук берүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө

4022796.1013a6e75cbf6b33b4252563064ef098

Ош шаарында жылуулук бериле баштады

872012327_1471009351884624_831026743434747127_n

Ош шаарынын мэри жаңыланган социалдык мекеменин иши менен таанышты

881626193_1570659625082491_3458595187628596283_n

Туризм жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды

a103cb0f-e846-475b-9fb2-a8983faf550d

Ы. Монуев көчөсү толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Видео