Ош шаарындагы социалдык объектилерге жылуулук бериле баштады.
2-ноябрдан тарта бала бакчаларга, мектептерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жылуулук этап-этабы менен жеткирилүүдө.
Ал эми турак үйлөргө жылуулук берүү бүгүн, 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү башталат.
Мындай чечим Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, кечээ өткөн кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, “Ош жылуулук энерго” муниципалдык ишканасынын карамагында жалпы 111 от казан бар. Алардын 21и электр энергиясы менен, калганы көмүр менен иштейт.
Турак үйлөргө жылуулук берүү этап-этабы менен жүргүзүлүп, шаардагы бардык үйлөрдү жылуулукка кошуу иштери бир-эки күндүн ичинде аяктары күтүлүүдө.
