Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Толонов Ош шаарында ишке ашырылып жаткан жана алдыда курулушу пландалган ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев эл өкүлдөрүнө шаардагы курулуштардын жүрүшү, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы социалдык объектилерди куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш сапардын алкагында депутаттар “Достук” айлампасында курулуп жаткан заманбап транспорттук түйүн, алты тилкелүү Б. Осмонов көчөсү жана А. Сүйүмбаев атындагы стадион менен таанышты.
“Достук” айлампасындагы долбоордун алкагында транспорттук түйүн, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулат. Бул иштер шаардагы унаа тыгындарын азайтууга, жол кыймылын жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошондой эле шаар башчысы заманбап “Ош Арена” спорттук-маданий комплексинин курулушу башталарын маалымдады. Аталган объект шаардагы спортту жана маданиятты өнүктүрүүгө, ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарында ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор учурдун талабына жооп берерин белгилешип, жол-транспорт тармагын жаңылоо жана заманбап спорттук объектилерди куруу шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү жана туура чечимдер экенин баса белгилешти.

