Ош аэропортуна баруучу жол тилкесиндеги жашыл аймак жаңыланат

Ош эл аралык аэропортуна баруучу 1,5 чакырымдык жол тилкесинде инфраструктураны жаңыртуу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Анын алкагында совет доорунан берки эски жарыктандыруу мамычалары алынып, заманбап үлгүдөгү чырактарга алмаштырылат. Ал эми жол ортосундагы жашыл тилкенин топурагы жаңыланып, бак-дарактар атайын питомникке көчүрүлөт. Алардын ордуна көп жылдык декоративдүү бадалдар отургузулуп, автоматташтырылган сугат системасы орнотулат.
Курулуш иштерине байланыштуу аэропорт тарапка багыт алган жолдун бир тарабы эртең саат 08:00дөн 18:00гө чейин убактылуу жабылат. Ал эми каршы тилкеде унаалардын эки тараптуу кыймылы уюштурулат.
Мэрия унаа ээлеринен каттамдарын алдын ала пландап, жол эрежелерин так сактоону өтүнөт жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

https://www.facebook.com/share/r/1KEwzHpaeJ/

Окшош жаңылыктар

894543198_1479362711049288_2617104180414827921_n

Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Беларусь жана Кыргызстан аймактарынын I форумунун алкагында Гомель шаарына барды

899631100_1479273244391568_9055588578480961260_n

Мэр жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

899790407_1479211631064396_9140298312099927154_n

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрөт

images (1)

“Асман” көп кабаттуу үйдүн тургундарынын көйгөйлөрү жеринен каралды

899809867_1478527171132842_3518873738271579505_n (1)

Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарындагы ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты

899402406_1478326997819526_7206384964155506670_n

Алтын күз — Ош шаарынын өзгөчө ажары! (фото)