Мэр жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тургундарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын көйгөйлөрү менен сунуштарын укту.
Кабыл алууга келген жарандар негизинен коммуналдык кызматтардын иши, ипотекалык турак жай, жер тилкелерин ажыратуу, айрым ички жолдорго асфальт басуу жана башка социалдык-тиричиликтик маселелер боюнча кайрылышты.

Шаар башчысы ар бир кайрылууну кунт коюп угуп, көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилерине тапшырма берди. Ошондой эле берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы мэрдин жеке көзөмөлүнө алынары белгиленди.

https://www.facebook.com/share/p/1KPq7hhMz1/

     

Окшош жаңылыктар

894543198_1479362711049288_2617104180414827921_n

Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Беларусь жана Кыргызстан аймактарынын I форумунун алкагында Гомель шаарына барды

899790407_1479211631064396_9140298312099927154_n

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрөт

images (1)

“Асман” көп кабаттуу үйдүн тургундарынын көйгөйлөрү жеринен каралды

899809867_1478527171132842_3518873738271579505_n (1)

Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарындагы ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты

images

Ош аэропортуна баруучу жол тилкесиндеги жашыл аймак жаңыланат

899402406_1478326997819526_7206384964155506670_n

Алтын күз — Ош шаарынын өзгөчө ажары! (фото)