Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман” көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда тургундар тарабынан электр энергиясы, жылуулук жана газдаштыруу маселелери көтөрүлдү.
Эрнис Толтоев негизги маселе болгон газдаштыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге жакынкы 1-2 күндүн ичинде үйдү газга туташтыруу иштерин баштоону тапшырды. Ал эми электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо боюнча тургундарга жеринен тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.
