Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык абалы, инфраструктураны өнүктүрүү, жабылып калган ички жолдорду ачуу, оңдоо, турак жай менен камсыздоо, балдар ойноочу аянтчаларын, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу, тротуарларды, аялдамаларды куруу, көрктөндүрүү, таштандалырды чыгаруу, коомдук транспорт маселелери айтылды.
Тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр жана сунуштар угулуп, бир катар кайрылуулар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Айрым маселелер жолугушуунун жүрүшүндө жеринде каралып, мүмкүн болгон көйгөйлөр боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Мэр Жанарбек Акаев тургундардын кайрылууларын эске алуу менен, аймактагы көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди өз компетенцияларынын алкагында карап чыгып, чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
