“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды жана жабдууларды тапшырды.
Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Баур жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында Жанарбек Акаев менен Йоханнес Баурдун жумушчу жолугушуусу да өтүп, анда катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорунун ишке ашырылышы, жетишилген жыйынтыктар жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, жаңы техникалар Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен гранттык негизде алынды. Анын ичинде 1 экскаватор-жүктөгүч, 3 DONGFENG үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, 8 куб метрлик 6 контейнер, таштанды ныктай турган GYL үлгүсүндөгү техника, атайын сыйымдуулук жана керектүү тетиктер бар.
Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоору 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында ишкананын өндүрүштүк базасы модернизацияланып, атайын техникалар сатылып алынган жана шаар боюнча 300 контейнердик аянтча уюштурулган. Учурда жаңы санитардык полигонду куруу жана иштеп жаткан таштанды төгүүчү жайды рекультивациялоо иштери уланууда.

https://www.facebook.com/share/v/1GaiTcNHbJ/

Окшош жаңылыктар

912821699_1486434727008753_266187065161870754_n

Ошто дагы бир бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

images

Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

903652290_1482837394035153_7838097822901186342_n

Көйгөйдөн — чечимге: Мэрдин эл менен жолугушуулары Жапалакта жыйынтыкталды

904318305_1482589524059940_2171800305730877611_n

Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында өттү

894460910_1482423224076570_5615289455165886429_n

Алымбек датка аймагында эл үнү угулду: Мэр көйгөйлөрдү жеринде талкуулады

905240490_1481773987474827_5010824752380973550_n

Россиялык дарыгерлер Ош шаарында операцияларды жана консультацияларды өткөрүүдө