Ошто дагы бир бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоодон өткөн № 49 “Таң-Шоола” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты менен жеринен таанышып, анын ачылышына катышты. Мэр жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, аталган бала бакчага эки телевизор белек кылды.
Имаратты капиталдык оңдоо иштери 2026-жылдын август айында башталган. Оңдоо иштеринин алкагында имарат толугу менен жаңыланып, балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары курулду.
Алардын аймактарына коопсуздук талаптарына жооп берген резина төшөлмөлөр төшөлүп, имараттын фасады жаңыланып, терезелери заманбап пластик терезелерге алмаштырылды.
Жүргүзүлгөн капиталдык оңдоонун натыйжасында балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү.

https://www.facebook.com/share/v/1HnsPxcrEV/

Окшош жаңылыктар

913241048_1486207480364811_1310688399174694756_n

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

images

Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

903652290_1482837394035153_7838097822901186342_n

Көйгөйдөн — чечимге: Мэрдин эл менен жолугушуулары Жапалакта жыйынтыкталды

904318305_1482589524059940_2171800305730877611_n

Мэрдин эл менен кезектеги жолугушуусу Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында өттү

894460910_1482423224076570_5615289455165886429_n

Алымбек датка аймагында эл үнү угулду: Мэр көйгөйлөрдү жеринде талкуулады

905240490_1481773987474827_5010824752380973550_n

Россиялык дарыгерлер Ош шаарында операцияларды жана консультацияларды өткөрүүдө