Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин шаар тургундары менен өткөргөн үч күндүк жолугушуулары Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жыйынтыкталды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жана өтүнүчтөрүн угуп, ар бир кайрылууга өзгөчө көңүл бурду. Атап айтканда, газ, балдар ойноочу аянтчасын куруу, таза суу, канализация, электр энергиясы, көчө инфраструктурасына байланыштуу маселелер кеңири талкууланды.
Шаар башчысы көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте карап чыгып, аларды чечүү боюнча жооптуу кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле ар бир маселе көзөмөлгө алынып, мүмкүнчүлүккө жараша этап-этабы менен чечилерин белгиледи. Анын ичинде аталган аймакта өрт кырсыгына кабылган турак үйдүн ээсине жардам берилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, акыркы үч күн ичинде Ош шаарынын ар кайсы аймактарында өткөрүлгөн жолугушууларда тургундарды түйшөлткөн эң актуалдуу маселелер ачык талкууланып, аларды чечүүнүн жолдору каралды. Шаарды өнүктүрүүдө тургундардын пикири жана сунуштары маанилүү экенин баса белгилеген мэр эл менен ачык диалог мындан ары да уланарын билдирди.
