Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды.
Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды.
Белгилей кетсек, А.Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген ысымдар берилди.