Бүгүн, Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу, селден жабыркаган Сана Зайировго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 500 000 сом кенемте сертификаты берилди.
Сертификатты Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн өкүлү тапшырышты.
Белгилей кетсек, жарандын үйү табигый кырсыкта толугу менен жараксыз болуп калган. Ал буга чейин турак жайын камсыздандырган.