🔹Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров атындагы көпүрөнүн Өзгөн көчөсү тараптагы тепкичтери толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн пайдаланууга берилди.
🔹Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жашоочулар катышты.
🔹Белгилей кетсек, аталган тепкичтер көп жылдар бою каралбай, эскирип, кооптуу абалда турган. Шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде тепкичтерге гранит төшөлүп, үстү заманбап үлгүдө жабылып, жөө жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлдү.












