Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы мектептерди жана балдар бакчаларын көрүп чыгып, билим берүү мекемелеринин сырткы жана ички абалын жакшыртуу боюнча тапшырма койгон.
Ага ылайык, 2024-жылы 19 билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Тактап айтканда, №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин, №53 мектептин чатыры жана ашканасы, Алтыбаев жана Керме-Тоо атындагы мектептердин чоң жыйындар залы жаңыланган.
Учурда Х. Абдуллаев атындагы №41 мектептин чоң жыйындар залын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.